5-ноябрда Түркияда “Түрк Дүйнөсүнүн алдыңкылары — 15” иш чарасынын алкагында “Кыргыз искусствосунун өчпөс эки жылдызы” аталышындагы иш чарасы болот. Бул кыргыздын атактуу таланттары Сүймөнкул Чокморов менен Бүбүсара Бейшеналиеванын жаркын элесине арналат.
Иш чараны Бурса Улуу-Тоо Универстети, Мете Чыңгыз маданият борбору , Пийаде Курмай Албай Илкер Челикжан салону уюштурган.
Программада ачылыш аземи, сүрөт көргөзмө, панель камтылган. Аягында Сүймөнкул Чокморов башкы каармандын ролун аткарган “Кызыл алма” тасмасы көрсөтүлөт.
Башталышы — саат 14.00.
