Вторник, 26 ноября

Абдыкадыр Орозбековдун уул-кыздарынын ысымдарынын сыры

0

Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Абдыкадыр Орозбековдун үч баласы болгон. Ал балдарынын атын Кыргызстандын өнүгүшүнө, тарыхына байланыштырып койгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги илимий-тажрыйбалык конференцияда анын небереси Жылдыз Орозбекова билдирди.

“Чоң атам Абдыкадыр Орозбеков үч балалуу болгон. Балдарынын атын Кыргызстан менен байланыштырып койгон. Мисалы улуу кызы 1925-жылы төрөлгөн. Ошол жылдары Кыргызстан жаңыдан гана эркиндикке умтулганына байланыштуу кызын Эркингүл деп атаган. Кийин 1927-жылы өлкөдөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу уулунун атын Өзгөрүш деп койгон”,-деди Жылдыз Орозбекова.

Ошондой эле башка өнүккөн мамлекетерде мамлекетти башкарган биринчи адамдардын атынан акча чыгаарын айтып, Абдыкадыр Орозбековдун сүрөтүн улуттук сомго чагылдыруу ашыкча болбой турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек бүгүн Жогорку Кеңеште Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракесине арналган илимий-тажрыйбалык конференциясы болуп өттү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз