Республикадагы мектептердин 65 пайызга жакыны гана ичүүчү таза суу менен камсыз болгон. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында депутат Айсулуу Мамашованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
«Республика боюнча дээрлик 30 пайызга жакын мектептерде таза суу жок. Мындан улам билим берүү мекемелеринде ысык тамакты киргизе албай жатабыз. 60 пайыз мектептерде ичүүчү таза суу бар»,-деди Исаков.
Депутат Айсулуу Мамашова мектептердеги даараткана маселесин көтөрдү. Айтымында айрым мүмкүнчүлүгү бар, суусу чыккан мектептердеги дааратканаларды ишке киргизүү зарыл.
Маалыматка ылайык өлкөдөгү 2260 билим берүү мекемесинин 435нин дааратканалары ичинде.