Понедельник, 25 ноября

«Өнүгүү Прогресс» партиясы шайлоого барат

0

«Өнүгүү Прогресстин» лидери Бакыт Төрөбаев анын партиясы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катыша турганын билдирди. Бул туурасында «Азаттык» басылмасы жазды.

«Биздин партия шайлоого сөзсүз барат. Учурда кошулуу туурасында сунуштар болуп жатканын жашыргым келбейт. Бирок акыркы чечимди саясий кеңеш чыгарат. Кандай болгон күндө дагы жыйынтыктоочу чечим 2020-жылы кабыл алынат»-дейт Төрөбаев.

Ошондой эле депутат учурда талкуу жаратып жаткан 9 пайыздык босого чек боюнча пикирин билдирип, анын партиясы бул барьерди басып өтө ала турганын кошумчалаган.

Эскерте кетсеке «Өнүгүү Прогресс» 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо шайлоочулардын 9,39 пайыз добушун алып, Жогорку Кеңештен 13 мандат алган.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо келерки жылдын октябрь айына белгиленип ал үчүн бюджеттен акча каралган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз