Понедельник, 25 ноября

Президент журналисттер менен жолукту

0

Бүгүн Мамлекеттик Ала- Арча резиденциясында өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы алдыңкы массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери жана редакторлору менен жолукту. Бул жолугушууга ММК өкүлдөрүн аккредитациядан өткөрүү иш чарасы ушул апта башында башталган.

Бул Сооронбай Жээнбековдун мындай форматтагы экинчи жолугушуусу. Буга чейин президент 2018-жылы телеканал, радио, интернет сайт, гезит, журналдардын жетекчилеринин суроолоруна жооп берген.
Бул маалымат жыйын 7-ноябрь массалык маалымат каражаттарынын күнүнө утурлай уюштурулуп жатканы айтылган.

Айта кетсек айрым телеканалдардын редакторлору «Фейсбук» баракчаларында аталган иш чарага чакырылбай калгандарын жазышып, президенттик аппараттын коомчулук менен байланыш бөлүмү ММКга тандалма мамиле жасап жатканына нааразычылыктарын билдиришкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз