Суббота, 23 ноября

Кыргызстан Япония беттеши күйөрмансыз өтөбү?

0

19-ноябрга белгиленген Кыргызстан Япония командаларынын беттешине күйөрмандар киргизилеби жокпу али күнчө белгисиз. Буга чейин Кыргызстандын футбол федерациясы оюн күйөрмандарсыз өтүшү мүмкүндүгүн, бул боюнча ФИФА акыркы чечимин 4-ноябрда чыгара турганын билдирген.

Анткен менен азырынча Бүткүл дүйнөлүк футбол уюму үн ката элек. Оюнга болсо болгону сегиз күн гана калды.

Айта кетсек мындай жаза Кыргызстан Мьянма беттешиндеги күйөрмандардын тартип бузуусунан улам орун алып жатат. Анткени командалар аянтта ойноп жатканда Кыргызстандык күйөрман оюн талаасына чуркап чыгып эрежени бузган. Бул үчүн Кыргызстан футбол федерациясына 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө айып пул салынаары дагы айтылган болчу.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Япония оюну 14-ноябрда Бишкектеги “Спартак” стадионунда өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз