Суббота, 23 ноября

Куудулдардын сатирасын көзөмөлгө алуу парламенттик шайлоого даярдыкпы?

0

Маданият министрлигинин куудулдардын сатираларын көзөмөлгө алуу аракети келерки жылдагы парламенттик шайлоого азыртадан жасалган даярдык. Мындай пикирин куудул Борончу Кудайбергенов “Kyrgyz.news” сайтына билдирди.

“Бул нерсенин эки жагы бар. Албетте биз дагы апакай эмеспиз, кээде чектен ашкан тамаша айтып салмайыбыз бар. Адамзатын көзөмөлдөп турбаса, пендебиз да алачакмактап кетээрибиз бар. Бирок көзөмөлдүн артында катаал цензуранын орношу да мүмкүн. Чектөө киргизип анан аны шылтоо кылып бул болбойт, тиги болбойт дегенге жамынышып, концерттердин өтүшүнө тоскоолдук жаратышат. Бир жылдары Мээрбек Мискенбаевди бизге каршы тукура коюшуп, анан бизди кысымга алышып – болбоду беле мындай көрүнүш”, — деди Кудайбергенов.
Ал мунун баарын 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого байланыштырды. Пикиринде куудулдар депутаттарды сынга алып, тамашага айлантып элдин алаканына салып берип жатканы үчүн эл өкүлдөрү бир жылга болсо да тамашакөйлөрдүн оозун жаба турууну ниеттенишкендей.

“120 кой деген тамашабызды эл түз кабыл алып, “парламентте 120 кой отурат, чын эле койсуңар, кеткиле” деп улап кетишпедиби. Депутаттар буга ызаланышты. Мискенбаев аркылуу тилибизди кыркып коелу дешти эле болбой калды. Эми ушундай ыкмага өтүшүптүр. Цензура деген шылтоо менен сатираларды көзөмөлдөшөт, бирдеме болсо иш козгошу да мүмкүн. Айтор ар жагынан айланып чара көрүүнүн жолун издешүүдө”, — дейт куудул.

Кыргыз куудулдары эмнеге Өзбекстан, Казакстан, Россиянын куудулдарына салыштырмалуу саясатты сатиранын негизги темасына айланып алышкан? Саясаттан башка элди күлдүрүүчү темалар жокпу деген сурообузга куудул бул мезгилдин талабы экенин белгиледи.
“Бизде өнүгүү жок болуп жатпайбы. Аткаминерлер сонун иштеп жатышса аларга асылыштын эмне кереги бар? Кылык-жоругу сатирага ылайык келбесе асмандан алмак белек? Түз иштеп, туура жүрүп, эл-жер үчүн чыныгы патриот болушсун, анда бизге тема деле калбайт. Жакшы нерсе жасашса мактамакпыз”, — деди.

Эске салсак буга дейре Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева “Kyrgyz.news” сайтына: “Социалдык тармактын жоон топ колдонуучуларынан биздин министрликке кат келип түшкөнүн аталган . Ага министрдин орун басары Кайрат Иманалиевдин расмий жообу ММКна чыккан. Анда биз көркөм эксперттик комиссия куудулдардын сахнадагы программаларын текшерүүгө ала турганын айтканбыз. Жарандар айрым куудулдарын чектен ашкан тайкы тамашаларына нааразычылыгын, айрыкча куудул Тынар Курбаналиевдин чыгармачылык сатирасына карата чара көрүү жөнүндө кайрылуу болгон”, — деп билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз