Россиянын аба-космикалык күчү 8-ноябрда Сириянын түндүк-батышындагы калк жашаган конуштарга авиасокку жасоону кайрадан баштады. Мындан беш катардагы жаран каза тапты.
Авиасокку Идлибдеги Кефренбил, Рами, Жибала жана Мааршимшан райондоруна жасалды.
Жарандык коргонуу Башкармалыгынын (“Ак каскалар”) өкүлдөрү билдиргендей Рами айылында үч жай тургун, а Мааршимшанда дагы эки сириялык каза тапкан.
Акыркы жумада Россиянын авиасоккусунан жана Асад режиминин күчүнөн Сириянын түндүк-батышындагы деэскалация аймагында 25тен ашуун адам көз жумган.
2018-жылдын 17-сентябрында Россия менен Түркия Сириянын түндүк-батышындагы деэскалация аймагы боюнча келишимге жетишкен. Бирок Россиянын аба-космикалык күчү менен Асаддын режиминин күчү чабуул жасоону улантышууда. Бир жылдан ашуун убакытта чабуулдардан 1300 жай тургун курман болду.
Сириядагы согуш 2011-жылдын март айында башталган. Анда каршылык билдирген тынчтык демонстрациялары демонстранттарга аскер кызматкерлери ок чыгарышкандан кийин куралдуу конфликтке айланган.
БУУнун качкындар иши боюнча Жогорку комиссар Башкармалыгынын маалыматына караганда Сириядагы конфликт коштогон бир жылда 6,6 миллион адам жер которгон, ал эми 5,6 миллион тургун качкынга айланышкан.