Лос-Анжелесте өткөн Asian World Film Festival кинофестивалында түркиялык белгилүү актриса Мерьем Узерли менен чогуу кечки тамактануу болду. Белгилей кетсек аталган актриса түрк элинин тарыхынын негизинде тартылган “Даңазалуу доор” сериалындагы Хюремдин образы менен таанымал болгон.
Депутат Садык Шер-Нияз соцтармактагы баракчасына кечки тамактануу тууралуу мындай билдирүү калтырды:
“Мерьер Узерли фестивалда жардам берип, атайын кечесине чакырып аябай төгүлүп-чачылды. Биз да кем калган жокпуз. Мерьем сулууга ыраазычылыгыбызды айттык”.
Эске салсак Садык Шер-Нияз аталган кинофестивалдын түптөөчүсү, ал баштаган самаалык ушуну менен бешинчи жолу өттү.
Улуу султан Сулаймандын сүйүктүү жубайы Хюремди коомчулукка тааныштырган актриса менен тамактанууда Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Эмил Токтошев жана элчи Болот Отунбаев болгон.