Япония курама командасы түндө Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстан футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык курама команданын атаандаштары 10-11-ноябрга караган түнү Манас эл аралык аэропортуна Индиянын Дели шаарынан чартердик каттамы менен учуп келишкен. Ал жакта оюнчулар, медицина кызматкерлери жана административдик курам бар.
Айта кетсек Япония Кыргызстан футболчулары 14-ноябрда беттешет. Алар 2020-жылдагы Дүйнөлүк тандоо туруна утурлай мелдешишет. Оюн Бишкектеги Спартак стадионунда өтөт. Учурда билеттер сатыка чыккан.