Кыргызстанда электрэнергияга болгон тарифти өзгөртүү талабы айтылып келет. Коомчулукту айрыкча 700 кВттан ашкандан кийинки төлөм нааразы кылууда. Акыркы учурларда соцтармактарда 700 кВтты 2000ден ашыруу боюнча сураныч-талаптар айтылып жатат. Бирок өкмөт башчы Абылгазиевдин бүгүн парламенттин бюджет жана каржы комитетинин жыйынындагы билдирүүсүнөн улам жакынкы айларда электрэнергияга болгон тарифтин өзгөрүшүнөн үмүт этүүнүн кереги жоктугу белгилүү болду.
Депутат Сайдулла Нышанов электр тармагы өнүгүүгө бет албай жатканын, мындан улам өкмөт бул жаатты башкаруу саясатын өзгөртүшү керектигин белгиледи.
А бирок өкмөт башчы депутаттын мындай пикирине кошулган жок.
“Улуттук энергохолдингдин 4 миллиард сом карызы бар. Тариф саясаты боюнча айтсам эл азыр сапаттуу товар үчүн төлөө керектигин түшүнүп калды. Келечекте тарифтер кайрадан каралышы мүмкүн, жашоочулар үчүн бирдиктүү, ал эми муктаждар үчүн өзүнчө тариф киргизилиши да ыктымал”, — деди Абылгазиев.
Эске салсак бүгүнкү күнү Кыргызстанда физикалык жактарга электрэнергияга болгон тариф 700 кВтга чейин 1 кВт 0,77 сом, ал эми чектен ашкандан кийин 1 кВт 2,16 сом.