Кыргыз армиясында кызмат өтөп жүрүп каза болгондордун басымдуусу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына туура келет. Бул тууралуу “kyrgyz.news” интернет сайтына укук коргоочу Азиза Абдрасулова билдирди.
Укук коргоочу жетектеген “Кылым шамы” уюму 2014-жылдан бери кызмат өтөп жүрүп каза болгон 20 аскердин окуясын иликтеп чыккан. Билдиришинче кыргыз армиясындагы солдаттардын өлүмүнүн басымдуусу жаза аткаруу мамлекеттик кызматына туура келет. Абдрасулова бул боюнча президентке дагы кайрылуу жолдогом дейт.
“Мурдагыга салыштырмалуу учурда армияда кызмат өтөгөндөрдүн шарты жакшырган. Маселен солдаттардын тамак-ашы, кийген кийими жагында алдыга жылыш бар. Бирок андагы тартип маселеси орчундуу. Буга акыйкатчы институту менен кыйноолордун алдын алуу органдарынын көзөмөлү начар болуп жатканы себеп. Аскер прокуратурасы дагы өзүнүн шалаакылыгын көрсөтүп келет. Бизге каза болгон балдардын ата-энелери кайрылып баштаганынан 70ке чукул аскер бөлүктөрүн кыдырып чыктык.
Бирок азыр укук коргоочулардын аскер бөлүктөрүн кыдыруусуна тыюу салып койгон. 2018-жылдан баштап солдаттарга карата уставдан тышкары туура эмес мамилелер күчөгөн. Мындай терс көрүнүштөр солдаттардын өлүмүнө алып келген. Айрыкча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында ушундай окуялар арбын. Анткени эң оор кызмат ошол түрмөлөрдү кайтаргандардыкы болот. Ал жакта кылмыш кылгандар отурат, анан жаш балдарга карата шылдыңдоо, кемсинтүү, басынтуу орун алышы мүмкүн”,-дейт укук коргоочу.
Ошондой эле Абдрасулова бул боюнча президентке да кайрылганын, анда 18 жаштагы балдардын ЖАМКда аскердик кызмат өтөөсүнө тыюу салууну суранганын, түрмөлөрдү контракт негизинде кызмат өтөгөндөр кайтарышы керектигин айткан.