Журналист Ассоль Молдокматова Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев тууралуу тасма тартты. Анда журналист мурдагы президент менен баарлашкан. Бир саатка созулган бул тасма Акаевдин 75 жаш курагына арналган.
Молдокматова тасмада Аскар Акаев башкарган жылдардагы Кыргызстандын жетишкендиктерин жана биринчи президенттин өлкө үчүн жасаган эмгегин чагылдырууга аракеттенген.
Аскар Акаев Кыргызстан анын бийлигинин алында турганда демократиянын аралы катары мыкты имиджке ээ болгондуктан инвесторлор көп келгенин белгилеген. Ал эми ошол убакта пайда болгон маселелердин баарына саясий элитаны айыптаган.
“Менин Кыргызстандын эли алдында абийирим таза. Азимбек Бекназаров башпрокурор болуп турганда Кыргызстандагы бардык заводдорду жана ишканаларды текшерген бирок алардын биринен да Акаевдердин үй-бүлөсүнө таандык активдерди тапкан эмес”, — деген Акаев.