Среда, 27 ноября

Өкмөт парламентте отчет берет

0

Бүгүн саат 14:00 премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште 2018-жылдын бюджетинин аткарылыш боюнча отчёт берет. Бул туурасында парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков ноябрь айынын күн тартибин бекитип жатып билдирди.

“Бүгүн түштөн кийин сиздердин алдыңыздарга премьер-министр, бардык министрлер, укук коргоо органдарынын жетекчилери келет. Ошол жерден каалаган суроолоруңуздарды берсеңиздер жооп ала аласыздыр”,-деди спикер.

Айта кетсек бир катар депутаттар акыркы учурдагы Кыргызстандагы кылмыштуулук боюнча аткаруу бийлигинин маалыматын угууну сунушташкан. Анда депутат Алмамбек Шыкмаматов, Жанар Акаев, Дастан Бекешовдор өкмөт бүгүн маалымат берсин десе, Руслан Казакбаев маалыматты угууну жабык эшик артында кароону демилгеледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз