Воскресенье, 22 сентября

Британия Саймаитинин өлүмүнө Кыргызстандагы коррупцияны айыптады

0

Паспорт мафиясы барган сайын тамырлап, Кыргызстанды эл аралык аренада уят кылып бүттү. Мындай пикирин депутат Бакыт Төрөбаев бүгүн, 19-ноябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Британиянын Би-Би-Си кызматы кытай улутундагы Саймаитинин өлүмү боюнча «Кыргызстандагы коррупция консулдука чейин жеттиби?» деген макала жазып дүйнөгө таратты. Саймаитиге кыргыз паспорту берилип консулдун унаасы менен жүргөнү биздин мамлекетти бүт дүйнөгө уят кылды”, — деди.
Депутат Бакыт Төрөбаев мамлекеттик документти мыйзамсыз жасап берген кызматкерди өз элин саткан адам деп эсептей турганын айтты.

“Буга байланыштуу мен сиздердин көңүлүңүздөрдү Кыргыз мамлекетинин улуттук коопсуздугуна түздөн-түз тиешелүү болгон Кыргыз жарандарынын мыйзамдуу кызыкчылыктары менен укуктарынын корголушу боюнча курч маселеге бургум келет.

Урматтуу кесиптештер, паспорт — бул мамлекеттик документ. Ал жарандын кайсы мамлекеттен экендигин аныктайт. Эмне үчүн акыркы жылдары эл аралык криминалдар Кыргыз мамлекетинин паспортун колдонууну адатка айландырып алышты? Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2015-2017-жылдары мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 64 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 34ү гана сотко жетип, жоопкерчиликке тартылган. Калганы тергөөнүн жүрүшүндө кыскартылып же жабылып калган. Эмне себептен ал иштер жабылган, артында ким турат? Паспорт мафиясы тамырлап, биздин өлкөгө эбегейсиз зыянын тийгизди. Кыргыз паспортунун кадыр-баркы, чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандарынын укутарына, мыйзамдуу кызыкчылыктарына коркунуч жаратууда»,-деди Төрөбаев.

Айта кетсек Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулда атып кетишкен. Кытайлык ишкер алган жараатынан улам ооруканада каза тапкан. Эртеси күнү аны өлтүрүүгө байланышы бар деп үч киши кармалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз