Воскресенье, 22 сентября

Мирлан Бакиров: Депутат ар кандай адамдар менен жолугат, андан айып издебеш керек

0

Стамбул шаарында киши колдуу болгон ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу жаңы жагдайлар ачылууда. Маселен буга чейин Кытай жаранына Сузак райондук паспорт бөлүмү тарабынан Кыргызстандын 1994-жылкы үлгүдөгү паспорту берилгени айтылса, эми Саймаитини Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен байланышы болушу мүмкүн деген кептер чыкты. Ал тургай “Бир Бол” фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов менен бир дасторкондо отурган сүрөтү дагы жарыяланды. Депутаттын телефону өчүк болгонуна байланыштуу өзүнөн жооп ала алган жокпуз.

“kyrgyz.news” сайты бул боюнча Мирлан Бакировдун пикирине кызыкты.

“Саймаитинин тиги депутат менен сүрөтү бар экен бул менен байланышы бар экен деген маалыматтарды эл катары массалык маалымат каражаттарынан окуп жатам. Албетте мындай сөздөр жалпы парламенттин дарегине дагы сындарды жаратат. Бирок депутат эл арасында жүргөн адам болгондуктан ар кандай жерлерде болуп, жарандар менен жолугушууларды өткөрөт. Бул маалыматтарды бир гана тиешелүү органдар тастыкташы керек. Албетте аты аталган депутаттар коомчулукта бүдөмүк ойлорду жаратпай, буга так жообун айтып койсо болмок”, — деди.
Эскерте кетсек, кытай улутундагы ишкерди Стамбул шаарында 10-ноябрда атып кетишкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз