Воскресенье, 22 сентября

Масалиев:“Нышановдун сунушу шайлоо жакындап калды дегенди билдирет”

0

Депутат Исхак Масалиев Сайдулла Нышановдун Жогорку Кеңештеги пенсионер депутаттар боюнча айткан сунушун шайлоого карата даярдык катары баалайт. Бул тууралуу «kyrgyz.news» сайтына комментарий берип жатып билдирди.

“Бул популизм, элге жага турган сөз. Бул боюнча Конституциялык соттун иштеп жаткан жарандардын пенсиясы сакталсын деген чечими бар. Муну мыйзамга киргизе албайт, ал муну билип туруп айтып жатат. Элге, шайлоочуларга жага турган кадам деп айтам. Бул сунушту шайлоо башталды деп айтсам болот”,-деди Масалиев.

Эскерте кетсек кечээ депутат Сайдулла Нышанов тармактык комитет жыйынында пенсия курагындагы депутаттардын пенсиясын кыркып, 2 миң сомго чейин пенсия алгандарга берсек туура болмок деген пикирин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз