Воскресенье, 22 сентября

Жаңы төрөлгөн ымыркайга үч миң сом бере албаган өкмөт 50 миңди кантип төлөйт?

0

1-декабрдан тарта үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлгөн шартта ар бир балага 50 миң сомдон бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулун төлөп берет. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечимге премьер-министр кол койгон. Ал 2019-жылдын 1-декабрынан тарта иштеп баштайт.

Маалыматта бул үй-бүлөлөргө эрте өнүгүү мезгилинде социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө багытталган деп жазылат. Акча үй-бүлөлөрдүн социалдык абалына карабастан, бала төрөлгөндө бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулу берилет.

Өкмөттүн бул чечими коомчулука анчейин тарай элек. Деген менен буга чейинки ар бир төрөлгөн балага 3 миң сомдук сүйүнчү пул берүүдө маселе жаралгандыгын айткан айрым социалдык тармактын колдонуучулары, аткаруу бийлигине үч миң сомду кыйналып төлөп берген өкмөт 50 миңди кантип төлөйт деген суроолорун узатышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз