Улуу Британиянын иран тектүү мушкери Саи Алетаха каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Андагы маалыматтарга таянсак Алетаха 26 жашта болчу жана үч жылдан бери машыгып, таймаштарга хиджабчан чыгып жүргөн. Ал аралаш мушташ беттешине чыгып, андан кийин каза тапкан.
17-ноябрда Саутгемптон шаарында Fast and Furious Fight аталышындагы турнир өткөн. Анда мушкер оор жаракат алган, өзүн жаман сезгендиктен таймаштан кийин ооруканага жеткирилген. Эртеси күнү каза тапкан. Дарыгерлер анын мээси жабыркаганын айтышууда.
Таймашты уюштуруучулар хиджабчан мушкердин жакындарына көңүл айтып, дарыгерлер колунан келген аракеттерди көргөнүн, бирок сактай албай калышканын билдиришкен.