Воскресенье, 19 мая

Сапар Исаков түшкү тамактанууга шашылды

0

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча кылмыш ишинин негизинде сот процесси уланууда. Ага судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда. Бул жолку процессте сот иштин материалдарын иликтөөнү баштады.

Бир кезде айыпталуучу Сапар Исаков айыпталуучулардын түшкү тамактануу маалы өтүп баратканын айтты. Судья түшкү тамактануу 12.30дан 13.30га чейин экенин эске салса дагы мурдагы өкмөт башчы тогуз айдан бери аларды абактан так саат 12.00дө алып чыгып жатышканын айтып нааразыланды.

Төрагалык кылып жаткан Гилязетдинова түшкү тамактанууга убакыт качан берилээрин өзү чечээрин белгиледи. Айтымында буга чейин айыпталуучулар түшкү тамактануу учурунда чыгарылганына нааразы болушкан эмес, ошондуктан ага ылайык акт түзүлгөн. Сапар Исаков ага да көнбөй залдан чыгарып кетүүлөрүн суранды эле аны чыгарып кетишти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз