Среда, 24 апреля

Депутат жашырылган декларациясы боюнча үн катты

0

Эки күн мурун бир катар массалык маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин декларацияда көрсөтүлбөгөн ишканалары тууралуу материал жазып чыгышкан. Муну эл өкүлү кимдир бирөө тарабынан шайлоонун алдында уюштуруп жаткан каралоосу деп баалады.

Төмөндө депутаттын жообун өзгөртүүсүз беребиз:

“Кечээ бир катар маалыматтык агенттиктер “Жогорку Кеңештин депутаты ири бизнеске ээ экени аныкталды. Алар декларацияда көрсөтүлгөн эмес” деп жазып чыгышты. Мен бир нече жыл мурда дагы так ушундай маалымат жарыяланганда авторлорго баарын тизмектеп бергендиктери үчүн ыраазычылык билдиргем. Себеби ошол маалыматтын арты менен убагында катталып, бирок иштебей токтоп калган компаниялардын бар экенин аныктап, баардыгын жапканбыз, жашырылган эч нерсе жок.
2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлангандыгыма байланыштуу калган фирмаларды мыйзамга ылайык башка кишилерге өткөрүп бергем. Ошондуктан учурда бизнес менен алектенбейм.
Бир гана жагдай, Улуттук илимдер академиясынын Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунда илимий жетекчимин, аспиранттарым бар. Буга мыйзам жол берет.

Ошондой эле “Кубанычбек Жумалиев депутат болуп шайланганы 2 жолу гана декларация берген (2015-2016-жж.) 2017-жылы маалымат берген эмес” деп жазылыптыр. Декларация убагында тапшырылбаса мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганы ар бир мамлекеттик кызматкерге маалым. Ошондуктан “2017-жылы декларация тапшырган эмес” деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Кимге кызык болсо, декларация 2017-жылы, 2018-жылы дагы тапшырылгандыгын Салык кызматынан билип алышса болот.

Мен жөнүндө жазылып жаткан ушактар эмдиги жылы боло турган парламенттик шайлоого карата кээ бир адамдардын жүргүзгөн саясаты деп ойлойм.

Мен үчүн шайлоочулардын пикири кымбат. Депутаттыкты саясат катары кабыл албайм. Чакырылыштын башынан бери кандай жумуштар аткарылгандыгы жөнүндө маалыматты шайлоочуларыма берип турам жана кимдин кандай иштеп жатканына эл тараза”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз