Суббота, 4 мая

Депутат: “Айэркен Саймаити менен жакшы мамиледе болгом”

0

“Бир Бол” фракциясынын депутаты Дүйшөн Торокулов Стамбулда киши колдуу болгон Айэркен Саймаити менен жакшы мамиледе болгон. Бул туурасында депутат өзү билдирди.

“Айэркен Саймаити кытайдан келген уйгур жигити мен өзүм Кара Суулук болом, Кара Суу базарында иштегем. Ушуга байланыштуу Кара Суу базарына келип иштеген, соода сатык менен алектенген уйгурлардын дээрлик 90 пайызын тааныйм. Бүгүнкү күнгө чейин алардын көпчүлүгү менен мамилем бар. Ошолордун катарында Айэркен Саймаити менен дагы мамиле кылып жүргөм. Бул бир эле жолу эмес, ал жигит менен көп жолу чай ичкенбиз, көп жолу учурашканбыз, бирге жүргөн жерлерибиз бар. Кыргызстанда көп эле адамдар менен мамиле кылып жүрөм бирок чай ичип отурган сүрөттү таратып эле мынчалыка барыш кимге кызык болуп жатат өзүм да билбей турам”,-деди Торокулов.

Ошондой эле депутат Саймаитиге интерпол тарабынан эл аралык издөө жарыяланганын билбей турганын, бирок кимдир бирөөлөр анын үстүнон арыз жазганы боюнча маалыматы бар экенин кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз