Четверг, 28 ноября

Камалуу кезеги Раим Матраимовго келдиби?

0

Депутат Дастан Бекешов коомчулукту бийликтен мурдагы бажы кызматынын орун басары Раим Матраимовдун камалышын талап кылууга үндөдү. Мындай билдирүүсүн Бекешов “Фейсбуктагы” өзүнүн баракчасына жазды.

Билдирүүдө: “мен коомчулукту Раим Матраимовдун камалышын, бардык укук коргоо органдарынын жетекчилерин алмаштырып, элдин ишеничине татыктуусун дайындоону, расмий иликтөө жасап, акча уурдагандардын жазага тартылышын, журналисттерди уюшкан кылмыштуу топтордон коргоону талап кылуусун сунуш кылам”,-деп жазган.

Эскерте кетсек кечээ “Азаттыктын” Саймаитинин өлүмү, Матраимовдордун аны менен болгон байланышы туурасындагы иликтөөсү жарыяланган. Учурда бул видео социалдык тармактарда өтө тез ылдамдыкта тарап активисттер, интернет колдонуучуларынын басымдуусу президенттин реакция кылуусун талап кылышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз