Четверг, 28 ноября

Сайматинин өлүмүн Матраимов изилдейби?

0

Кечээ, 21-ноябрда Жогорку Кеңеште кытай улутундагы ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталып ал колдоо тапкан. Муну демилгелеген депутат Алтынбек Сулаймановду Төрөбай Зулпукаров, Жанар Акаевдер колдогон. Тез арада “Бир Бол” фракциясы чечим чыгарып депутаттык комиссия түзүлгөн.

Социалдык тармактын колдонуучулары депутаттык комиссиянын курамындагы айрым депутаттарга ичтери чыкпай жатканын ошол замат жазып чыгышты. Комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирген:

КСДП фракциясынан – Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Жураев, Аалы Карашев, Искендер Матраимов;

«Республика — Ата Журт» фракциясы- Мирлан Жеенчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов;

“Кыргызстан” фракциясы- Данияр Толонов, Алмазбек Эргешов;

“Бир Бол” — Алтынбек Сулайманов;

“Өнүгүү Прогресс”-фракциясы Тынчтык Шайназаров;

«Ата Мекен» — Алмамбет Шыкмаматов.

Айта кетсек, Айэркен Саймаити 10-ноябрда киши колдуу болгон. Буга байланыштуу интернет айдыңында анын кыргыз чиновниктери менен болгон байланыштарын тастыктаган документтер, сүрөттөр байма бай жарыяланып келет. Бул маалыматтарда Алтынбек Сулаймановдун дагы аты аталууда. Депутат аны кимдир бирөө жаман атты кылгысы келип жатканын айтып чыккан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз