Воскресенье, 28 апреля

ИИМге даттангандардын көбүн милиционерлердин мыйзамсыз иш-аракеттерине нааразы болгондор түзөт

0

2018-жылдын он эки ай ичинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин жарандарды кабыл алуу кабылдамасына жалпысынан 1695 арыз түшкөн. Ар бир арыз менен кайрылуулар мыйзамдын чегинде, өз убагында жана түзүлгөн тартипке ылайык каралат.

Андан сырткары, 2018-жылдын он эки ай ичинде жалпысынан 1929 жаран Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин жеке кабыл алууларында болгон. Анын ичинен ички иштер министринин жеке кабыл алуусунда 688 жаран болгон.

Ошондой эле, өткөн жылдын 12 ай ичинде ички иштер министрлигине жарандардан 7480 арыз менен даттануулары келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен:

  • Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппаратынан-292 (291 көзөмөлгө алынган);
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан-408 (алардын ичинен 408 көзөмөлгө алынган);
  • Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан- 511 (511 көзөмөлгө алынган);
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен-169 (168 көзөмөлгө алынган);
  • Акыйкатчыдан-56 (56 көзөмөлгө алынган);
  • Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасынан-52 (43 көзөмөлгө алынган);
  • Жарандарды кабыл алуу жайынан-1007 (1006 көзөмөлгө алынган);
  • Апостилдер-688;
  • Электрондук почта аркылуу-1030 (1019 көзөмөлгө алынган);
  • Ишеним телефону аркылуу-15;
  • Почталар жана башкалар -3252 (565 көзөмөлгө алынган).

Жалпысынан алганда 4082 арыздар жана кайрылуулар көзөмөлгө алынган. Келген арыздардын, кайрылуулардын жана даттануулардын көбү ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери, кылмыш ишине киришүүдөгү кемчиликтери, тергөөнүн жүрүшү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгү, ички иштер органдарына жумушка орношуу жана мурунку кызматына кайрадан коюу боюнча келет. Ар бир арыз, даттануу жана кайрылуу боюнча өз убагында тиешелүү чечимдер кабыл алынган.

Жарандар кандайдыр-бир жаралган көйгөйлөр же маселелер боюнча жазуу түрүндө Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 469, 720010 дарегине, secretariat@mvd.kg электрондук почтасына, +(996 312) 26 60 27 “ишеним телефонуна” же +(996 312) 26 60 64 “Коомдук кабылдама” аркылуу кайрылса болот. Андан сырткары, коомчулукту кабыл алуу боюнча график түзүлүп, эс алуу күндөрүнөн сырткары дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дон 17:00 аралыгында иштейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз