Суббота, 27 июля

Түркия Ош облусуна аэропорт, мектеп жана эс алуу багын куруп берүүнү сунуштады

0

Мындай сунушту кечээ, 8-февралда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев менен болгон жолугушууда билдирди.

Өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбек кызы “Калыс Медиага” билдиргендей, Түркия тарап облус аймагына заманбап аэропорт, мектеп жана эс алуу багын куруп, эки оорулуу адамды акысыз операция жасатып же дарылап берүү сунушун айтты.

Мындан сырткары бизнес парк, оорукана, логистикалык борборлор боюнча даяр долбоорлор болсо, аны да ишке ашыруу үчүн жардамдашууну убада кылды.

Узарбек Жылкыбаев элчиге аэропорт куруу үчүн жер даяр экендигин, Транспорт министрлиги тиешелүү амалдарды ишке ашырып берсе, Түркия тарап менен биргеликте аба майданды курууга кызыкдар экенин билдирди.

Эскертке кетсек, Ош облусунун Отуз-Адыр жана Мады айылдарынын ортосуна заманбап аэропорт куруу үчүн жер бөлүнгөн. Бирок ушул күнгө чейин долбоор даяр эмес.

Булак: Калыс медиа

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз