Суббота, 23 ноября

Түркия Кыргызстандын университеттерине белекке китеп таратты

0

Илим жана адабий окумуштуулардын Түрк Ассоциациясы (İLESAM) Түрк Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын университеттерине китеп тапшыруу иш чарасы болуп өттү. Бул иш чараны кызматташтык жана координация боюнча Түрк агенттиги (TİKA) колдоого алган жана “Түрк Мамлекеттер китепканасынын китептерин белекке берүү” долбоорунун алкагында болду.

Китептерди таратуу аземи   Кыргыз-Түрк Манас университетинде жана Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада болду. ILESAM мүчө- окумуштуулар, акындар жана жазуучулар тарабынан чогултулган 10 миң даана китептин 4500ү Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканага жана 2000и Кыргыз-Түрк Манас университетине калган 3500 китеп Кыргызстандын башка 12 универстетине таратылды.

İLESAMдин төрагасы Мехмет Нури Пармаксыздын айтымында бул долбоор кийинки жылы Өзбекстанда уланат.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз