Суббота, 23 ноября

Депутат Башкы прокуратурага кайрылды

0

Депутат Мирлан Жээнчороев Айэркен Саймаитинин иши боюнча Башкы Прокуратурага кайрылуу жолдогон. Бул туурасында юрист Искен Афиджанов өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.
«Азаттык жарыялаган журналисттик иликтөөдө кытай ишкери Айэркен Саймаити Кыргызстандан миллиондорду чыгарып жүргөнүн буга ким жардам берип турганын айткан. Контрабандалык схема түз эле Райымбек Матраимовдорго алып барууда»,- деп жазылган. Юристтин билдиришинче Жээнчороев бул боюнча Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго расмий кайрылуу жолдоп, анын иликтөөгө укуктук баа беришин талап кылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз