Пятница, 26 апреля

Дин адистеринин коомдогу орду кандай?

0

Каалайбызбы, жокпу, бүгүнкү күндө коомубуздун турмушунда диндин орду маанилүү. Ага мамлекет башчыбыз Сооронбай Жээнбеков да  көңүл буруп, 20-ноябрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовду, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы муфтий Максат ажы Токтомушевди, Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епискобу Даниилди кабыл алды. Анда өлкөбүздөгү диний кырдаал талкууланды.

Чындыгында өлкөбүз  Эгемендүү мамлекет катары жарыялангандан тартып, бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө диний абал бир топ өзгөрүүгө дуушар болду. Диний окуу жайлардын, мечиттердин курулуусу, адамдардын динге болгон кызыгууларынын артуусу мына ушул кыска убакыт ичинде ишке ашты. Албетте, ийгиликтерди жокко чыгара албайбыз, бирок кемчиликтер да толтура экенин жашыруу мүмкүн эмес. 

Түркия мамлекети акыркы 28 жыл аралыгында Кыргызстанга аздыр-көптүр ар тараптан жардам берип келе жаткан өлкөлөрдүн катарында. Дин жаатында да Түркия мамлекетинин Кыргызстанга колдоо көрсөтүп келүүдө. Мисалы, Кыргызстанда эң алгачкы жолу ОшМУ менен Түркия диянет фондунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде теология факультети 1993-жылы ачылган.Ошол эле жылы Анкара университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда да билим берүү жаатында кызматташуу максатында жаңы келишим түзүлгөн. Мына ушул келишимдер боюнча ОшМУнун теология факультетине өткөн студенттер бир жылдык даярдоо курсун Анкара университетинин теология факультетинде окушуп, калган 1-4-курстарды ОшМУнун теология факультетинде улантышууда. Теология факультетин ийгиликтүү аяктаган студенттер Кыргызстандагы, Түркиядагы жана башка өлкөлөрдөгү теология факультеттеринде магистратура жана докторантура боюнча билимдерин уланта алышат. Азыркы учурда ОшМУнун теология факультетин аяктап, Түркия мамлекетинин ЖОЖдорунда магистратура, докторантурада окуп жаткандар жана бүтүргөндөр бар. Түркия мамлекетинин ЖОЖдорунда докторантураны бүтүргөндөр азыркы күндө Кыргыз-Түрк Манас университетинде, И. Арабаев атындагы университетинде, Ош мамлекеттик университетинде жана башка окуу жайларда эмгектенишүүдө. Ошону менен бирге Түркия мамлекетинин ЖОЖдорунда да 10го жакын бүтүрүүчү окутуучу болуп иштеп жатышат.

Мындан сырткары Түркия мамлекетинин бир канча шаарларындагы Хасеки диний билимди жогорулатуу курстарын аяктаган жаштар Кыргызстанда диний тармакта эмгектенишүүдө. Азыркы учурда аты аталган окуу жайда 13 бүтүрүүчү билимдерин улантышууда. 

ОшМУнун теология факультетин ушул күнгө чейин жалпысынан 600гө жакын бүтүрүүчү аяктап, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик дин комиссиясында, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгына караштуу жергиликтүү диний мекемелерде, диний окуу жайларда, мектептерде, ЖОЖдордо жана башка тармактарда эмгектенишүүдө. 

Түркия диянет фондунун колдоосу жана Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы менен бирге 1998-2014-жылдар аралыгында ОшМУнун теология факультетинде Ош шаары, Ош областы, Баткен областы жана Жалал-Абад областынын дин кызматкерлерине 10 жолу үч апталык курстар уюштурулду. Бул курстарда дин кызматкерлерине диний предметтер тереңдетилип окутулуп, сертификаттар берилди. 2015-жылдан бери «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен бирге Кыргызстандын бардык аймактарындагы дин кызматкерлеринин диний билимдерин өркүндөтүү курстары уюштурулуп келет.

ОшМУнун окутуучулары Кыргызстандын бардык аймактарында өзгөчө жаштарга диний баалуулуктарды туура жеткирүү максатында семинар жана жолугушууларды уюштурушууда. Ал эми Ош шаарындагы окуу жайлардын студенттерине туура багытта диний маалыматтарды берүү максатында жыл сайын ОшМУнун теология факультетинде эки айлык «Дин таануу» курсу өтүлүүдө. Бул курста теология факультетинин окутуучулары жаштарга коомдогу актуалдуу темалар боюнча маалымат беришүүдө. 

Теология факультетинин окутуучулары жергиликтүү массалык маалымат каражаттарындагы диний темадагы талкууларга да байма-бай катышып, коомчулукка туура маалыматтарды жеткирип жатышат Теолог илимпоздор азыркы күндө ЭлFM радиосунда ар бейшемби күнү коомчулуктан келген ар кандай диний суроолорго жооп беришүүдө. 

Акыркы төрт жылда ОшМУнун теология факультетинин окутуучулары тарабынан 60ка жакын диний багыттагы китептер даярдалып, Түркия диянет вакфынын жардамы менен басылып, диний окуу жайларга жана жалпы коомчулукка таратылууда. Алардын акыркысы болуп 7 томдук «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу эмгек Түркия диянет фондунун жардамы менен 5 миң нускада басылды. Азыркы күндө бул эмгек Кыргызстандын бардык аймактарындагы дин кызматкерлеринин көпчүлүгүнө таркатылды. Калган бөлүгү да жакынкы аралыкта дин кызматкерлерине белекке берилет. Бул эмгек Түркия мамлекетинин ЖОЖдорунун окумуштуулары тарабынан атайын дин кызматкерлери үчүн даярдалган. Коомчулукка динди туура жеткирүүдө бул эмгектени орду аябай чоң боло тургандыгын ишенимдүү айтсак болот. 

Ош МУнун теология факультети ушул күнгө чейин бир канча адистерди даярдап, коомчулукка динди туура багытта жеткирүүдө бир топ алгылыктуу иштерди жасап келүүдө. Мындан кийин да Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн, коомчулуктун руханий жактан өнүгүүсү үчүн билимдүү адистерди тарбиялап жана пайдалуу эмгектерди  даярдап өз салымын кошууну улантышмакчы.

Асилбек Абдуганиев.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз