Суббота, 27 апреля

Орусия Иракта ИШИМге кошулуп кеткен жарандарынын балдарын кайтарып келди

0

Орусия Иракта ИШИМге кошулуп кеткен жарандарынын балдарын кайтарып келди
Кечээ, 10-февралда Орусия Иракка кеткен жарандарынын балдарынын экинчи тобун өлкөгө кайтарып келди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Ирак жана Сирияда пайда болгон ИШИМ террордук тобуна кошулуп кеткен ата-энелери менен жүргон 4-13 жаштагы 27 бала кайтарылды. Алардын кээ биринин аталары кагылыштарда каза болуп, калгандары Иракта соттолуп, камакта олтурушат.
Алып келинген балдар медициналык жана психологиялык кароодон өткөн соң камкордугуна ала турган жакындарына тапшырылды.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Ирак жана Сирияда он жашка чейинки 150 бала жана 11-17 жаш арасындагы 20га чукул бала бар.
Буга чейин декабрь айынын соңунда чечен президенти Рамзан Кадыровдун демилгеси менен 30 бала алып келинген.
Кошумчаласак, ушундай эле жол менен коңушу Казакстан дагы январь айынын башында 7 эркек, 11 аял жана 30 жаш бала менен жалпысынан 47 кишини Сириядан кайтарып келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз