Воскресенье, 24 ноября

НАТО Кытайдын өнүгүүсүн биринчи жолу талкуулайт

0

НАТО өлкөлөрүнүн лидерлери Түндүк атлантикалык альянстын тарыхында биринчи жолу Кытайдын позициясынын бекемделишин талкууга алат. Анын катарында ири держеванын коргонуу ыкмаларынын өсүшү да эске алынат. Бул тууралуу альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг жарыялады.

“НАТОнун тарыхында биринчи жолу альянстын лидерлери менен Кытайдын күчөшүн талкууга алабыз. Бул мүмкүнчүлүктөрдү да, чакырыктарды да камтыйт. Биз Кытай кантип өсүп жатканын, анын коргонуу жөндөмүндөгү инвестициясынын жогорулап жатканын көрүп турабыз. Кытай эми аскер бюджетинин көлөмү боюнча дүйнөдө АКШдан кийин эле экинчи орунда турат”, — деди Столтенберг Лондондо журналисттер менен жолугушууда. Аталган шаарда альянстын саммити өтүүдө.

Буга дейре Столтенберг НАТО өлкөлөрү 2020-жылга карата аскер чыгымдарын 400 млрд. долларга көбөйтүүнү ниеттенип жатканын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз