Суббота, 27 апреля

Өткөн айда өлкөдө экономиканын өсүүсү байкалды

0

Өткөн айда өлкөдө экономиканын өсүүсү байкалды
2019-жылдын январында ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 30 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 6,4 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 27 миллиард сомго жакынды түзүп, 1,9 пайызга өскөн.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2019-жылдын январында 19 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 15,7 пайызга жогорулады. Өнөр жай продукциясынын өсүшү металл рудаларын казып алуунун (2,4 пайызга), көмүрдү өндүрүүнүн (46,0 пайызга), мунайзат жана жаратылыш газынын (20,3 пайызга), негизги металлдарды өндүрүүнүн (44,5 пайызга), ошондой эле суусундуктарды, кийимдерди, жыгач иштетүүнүн өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз