Четверг, 19 сентября

Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча иш сотко өттү

0

Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча иш сотко өттү
Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана Осмонбек Артыкбаев айыпталып жаткан кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Башкы көзөмөл органы УКМКнын бул иш боюнча айыптоосун бекитип, сотко ашырды. Кийинки териштирүү Свердлов райондук сотунда болот.
УКМК Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө аяктаганын 8-январда билдирген. Ага ылайык эң негизги айып мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго коюлган. Исаков өзү бул иште саясий боёк бар экенин билдирип, өзүнүн күнөөсүз экенин айтып жатат.
УКМКнын билдирүүсү боюнча, бир эле С. Исаковго байланыштуу сот ишинин материалдары 53 томдон ашып кеткен жана аны айыпталуучунун адвокаттары окуганга жетишпей жатышкандыгын айтышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз