Пятница, 17 мая

Түркияда миңден ашык Гүленчилерди камакка алуу буйругу чыкты

0

Түркияда миңден ашык Гүленчилерди камакка алуу буйругу чыкты
Түркияда динаятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылына тиешеси бар деп шектелген миңден ашык адамды камакка алуу буйругу чыкты.
CNN Turk телеканалынын маалыматына караганда, шектүүлөрдүн көбү Анкарада жашайт. Бирок полициянын операциялары өлкөнүн бардык 76 провинциясында жүргүзүлүүдө.
Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери АКШда жашайт. 2013-жылга чейин ал ислам коомдук кыймылдарын түзүп, Эрдоган менен тыгыз кызматташып келген. Бирок кийин алардын мамилеси бузулуп, түрк бийлиги Гүленди аскердик төңкөрүш аракетин уюштурууга айыптап, бир канча жолу АКШдан аны экстрадициялоону талап кылган.
Акыркы эки жылдан бери Түркияда Гүлендин «Хизмет» уюмуна тиешеси бар деген шек менен миңдеген адамдар камалды. Алардын арасында саясатчылар, судьялар, аскер кызматкерлери жана коомдук ишмерлер бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз