Четверг, 19 сентября

ИИМ: ЖК депутаты К. Жолдошбаевдин жол-транспорт кырсыгына айыпталган күйөө баласы милициядан бошотулган

0

ИИМ: ЖК депутаты К. Жолдошбаевдин жол-транспорт кырсыгына айыпталган күйөө баласы милициядан бошотулган

Жакында маалыматтык агенттиктерде К. Жолдошбаевдин күйөө баласы милициянын подполковниги Айбек Сыдыков автоунааны башкарып келе жатып жол-транспорттук кырсыкты жасаган деген маалымат жарык көрдү.

Ушуга байланыштуу, 10-февраль күнү Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинен Айбек Сыдыковдун катышуусу менен жол-транспорттук кырсык катталгандыгын маалымдайбыз. Андан сырткары, 2017-жылдын 5-октябрь күнү А. Сыдыковдун катышуусундагы “Ретро-Метро” түнкү клубунда болгон окуя боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, иликтөөнүн жыйынтыгы менен ал ээлеген кызмат ордуна толук эмес ылайыксыз деп табылган.
Ошондой эле жогорудагы факты боюнча ошол убакта Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо”, “Куралды колдонуу менен бейбаштык кылуу”, “Кызматтык ыйгарым укугунан аша чабуу” беренелери менен кылмыш иши козголгон.
2018-жылдын 2-февраль күнү жогорудагы иликтөө жыйынтыкталып, аталган кылмыш иши Биринчимай райондук сотуна жиберилген. 2018-жылдын 22-октябрь күнү Бишкек шаардык Биринчимай райондук соту Айбек Сыдыковду бейбаштык беренеси (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси 2-бөлүмү ) боюнча күнөлүү деп табып, 3 жылга шарттуу түрдө соттогон.
Ал эми А. Сыдыковдун жактоочусу Бишкек шаардык сотуна аппелияциялык даттануусун жөнөткөн жана ал азыр карала элек. Биринчимай райондук соту аталган кылмыш ишин кароо учурунда 2018-жылы эле Бишкек ШИИББдин кызматкери А. Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББдин карамагында жүргөн.

Азыркы учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы текшерүү жүргүзүүдө жана текшерүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалыматтар берилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз