Воскресенье, 24 ноября

С. Жээнбековдун шайлоодо үгүт иштерине канча акча жумшалгандыгын А. Атамбаев жарыялаганбы?

0

С. Жээнбековдун шайлоодо үгүт иштерине канча акча жумшалгандыгын А. Атамбаев жарыялаганбы?
Мындай деп айтууга Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) шайлоо штабынын башкы эсепчиси Надира Сатыгул кызы Кыргызстандан чыгып кеткенинин себептерин жана Интернетке жарыяланган финансылык документтердин чоо-жайын түшүндүргөн сөзүнөн кийин негиз түзүлүүдө. Анын видеокайрылуусу Интернетке 12-февралда чыкты.
Ал экс-президент Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов камалган соң телефонуна чалган күмөндүү адамдар болгонун, тыңшоо жүрүп жатканын сезип, Алмазбек Атамбаевге кайрылганын, ал мамлекеттен убактылуу чыгып кетүүгө кеңеш бергенин билдирди.
«Кетерден мурун өз коопсуздугумду ойлоп, шайлоонун материалдарын (документтердин баарын) Атамбаевге калтыргам. Анын Интернетке чыгып кетерин ойлогон да эмесмин. Башында тынчсыздандым, азыр болсо «балким жарыяланганы жакшылыкка» деп ойлоп жатам», — деген Сатыгул кызы Индияга кеткенин, Бишкекке жакын арада келерин кошумчалаган.
Былтыр укук коргоочу Нурбек Токтакунов «президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган» деген каражаттардын тизмесин жарыялаган. Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун шайлоо штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткен. Президенттин аппараты муну жалган маалымат катары мүнөздөгөн.
Кийин Жээнбековдун шайлоо штабынын эсепчиси Надира Сатыгул кызы өз коопсуздугунан чочулап өлкөдөн чыгып кеткенин экс-президент Алмазбек Атамбаев айтып чыккан.
КСДПнын эсепчиси ошондой эле Кыргызстандагы гезиттер ал тууралуу ар кандай ойдон чыгарылган жоромолдорду, кандайдыр бир вилларды жаза берип, ушул видеокайрылууну жасоого мажбур кылышкандыгын айтты. Ошондой эле жакын арада эс алып бүткөн соң өз мекенине кайтып келерин кошумчалады.
Анын баардык документтерди А. Атамбаевге калтырып кеткендигин ачык айткандыгына караганда, коомчулукка жарыяланып кеткен шайлоо учурунда азыркы Президент С. Жээнбековдун үгүт иштерине 1 млрд. сомдон жана жети миллион доллардан ашык акча жумшалгандыгы тууралуу сенсациялуу маалыматтар экс-президент А. Атамбаев тарабынан эски досун каралоо максатында жасалган деп гана тыянак чыгарууга болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз