Пятница, 17 мая

Анкарада Айтматовдун айкели тургузулду

0

Айтматов туулган күнүндө Анкарада эскерилди. Кечи Өрөн районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка жазуучунун айкели тургузулду.

Айкелди ачуу аземине Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдогандын башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Кечи Өрөн районунун акими Угур Болот, Кечи Өрөн муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынов, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Кыргызстандын Түркиядагы ардактуу консулу, доктор Мустафа Курт, бир канча өлкөнүн элчилери, Түркиядагы кыргыз жарандары, Кечи Өрөн калкы жана басма сөз өкүлөрү катышты.

Кечи Өрөн районун акими Угур Болот кыскача буларды айтты: “Кыргызстандын бутуна тикенек кирсе биздин жүрөгүбүз сыздайт. Биз ушундай тууганбыз”.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кечи Өрөн шаарынын мэри Тургут Алтыновго, айкелди жасагандарга жана ачылышка катышкандарга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Кечи Өрөн мэриясынын имаратынын алдына Манастын эстелигин тургузуу пландары бардыгын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз