Понедельник, 25 ноября

Жумабеков жана Масалиев. Спикерлик кимге буйруйт?

0

Айрым депутаттар Дастан Жумабековду спикерликтен түшүрүүгө кызуу аракет көрүп башташты. Алардын бири Исхак Масалиев өткөн жуманын аягында бул маселе боюнча сунушту парламенттин кароосуна киргизгенин маалымдаган. Анын айтымында Дастан Жумабеков мындай кызматка жаштык кылаары билинип калды, ишти ийкемдүү алып кете алган жок.
“Кандай мамлекеттик кызмат болбосун анын имиджи жетектеген адамга байланыштуу болот. Бул жааттан алып караганда Жумабеков жаштык кылды”, — деди Масалиев.

Акыркы учурда Дастан Жумабеков көп жолу коомчулуктун кескин сынына кабылды. Анын бири немец шаарынын аталышын туура эмес айтып алганы болду. Франкфурт-на-Майне дегенди Франкфурт жана Майне деп тамаша кабылган.

Мыйзам боюнча спикерди кетирүү маселеси каралаарда спикердин орун басарларынын эң улуусу жыйынга жетекчилик кылат. Жумабековдун орун басарларынын ичинен улуусу Мирлан Бакиров болуп эсептелинет.

Белгилей кетүүчү жагдай – Жумабеков 2017-жылы спикерликке ат салышканда анын башкы атаандашы Исхак Масалиев болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз