Дональд Трамптын администрациясы Афганистандагы америкалык контигентти АКШ менен “Талибан” кыймылынын ортосундагы кайра жанданган сүйлөшүүлөрдөн улам азайтууга ниеттенди. Бул тууралуу CNN телеканалы атын атабаган америкалык аткаминердин маалыматына таянып жарыялады.
Ал чиновниктин айтымында Трамп Афганистандан төрт миң америкалык аскерлерди чыгарууну пландап жатат. Учурда Афганистандагы америкалык контингенттин саны 13 миңге жетет.
Буга дейре Трамп Афганистандагы америкалык аскерлердин санын азайтуу ниетин жарыялаган жана бул маселе талибдер менен сүйлөшүүнүн жанданганынан кийин кайрадан актуалдуу болуп чыга келди.
CNN маалыматына караганда АКШнын Афганистандагы согуштан улам 2001-жылдан тартып кеткен чыгымы 133 миллиард долларга жеткен. Аталган өлкөдөгү конфликт орногон жылдар ичинде 2300 америкалык аскер кызматкерлери, 58 миңден ашуун афган аскер кызматкерлери жана 38 миң жай тургун каза тапкан. Андан тышкары 42 миң согушкер да жок кылынган.
Афганистандагы саясий бийлик үчүн күрөштүн куралдуу кагылышууга айланган түрү 1970-жылдардан бери токтобой келет. Кагылышуу 1978-жылы апрелде башталган, анда Афганистандын Элдик-демократиялык партиясы “Апрель революциясы” катары таанымал аскер төңкөрүшүнүн жыйынтыгында бийликке келген.