Понедельник, 25 ноября

Американын Борбор Азияга карата жаңы стратегиясы

0

АКШ Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын жарыялоого аракет көрүп жатканын Казакстандын ТИМ министри Мухтар Тлеубердинин Вашингтонго болгон сапарында Мамдепартаментинин өкүлү билдирди.

Ал бул жылы АКШ Борбор Азиядагы беш өлкө менен мамилелерди активдештиргенин белгилеген.

“Июлда төрт жылдан бери биринчи жолу АКШнын делегациясы Кыргызстанга барды. Ноябрда Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов Мамдепартаменттин кабыл алуусунда болду”, — деген өкүл 2020-жылы Тажикстан менен Өзбекстандын делегациясы дагы Мамлекеттик департамент тарабынан кабыл алынаарын кошумчалаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз