Соцтармактарга кичинекей баланы өз энеси сабап жаткан видео тараган. Бул окуя Ошто болушу мүмкүндүгү айтылган. Ал эми Ош облустук ИИБи баланы эч ким урбаганын жарыялаган. Мекеменин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда балдар атасы Россияда башка бирөөгө үйлөнүп алганын угуп, ыйлашкан. Эне аларды сабаган эмес. Ал эми видеодон эне баласын түрткүлөп, бетине чаап, чымчып: “Атаңа айт келсин. Айт атаңа!” – деп каарданганын көрүүгө болот.
“Баланын укугун коргоо Лигасы” коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова өз баласын сабап анысын камерага тартып алган эне сөзсүз жазаланышы керек деп эсептейт.
Турдубекова мындай билдирүүгө макул эмес. Анын пикиринде чоң кишилердин зомбулугун жаап-жашыруу мындай терс көрүнүштөрдүн көбөйүшүнө шарт түзөт.
“Видеодо так көрүнүп турат эне балдарын өтө эле аеосуз уруп жатат. Милиция балдар тарапта болуп маалыматтарды чогултуп, аларды учурда аял балдары жана күйөөсү менен жашап жаткан өлкөгө да өткөрүп бериши керек”, — дейт укук коргоочу.
Ал буга дейре милицияга видеодогу баланы сабоо фактысы арыз жазганын белгиледи. Айтымында учурда укук коргоо кызматтарынан жооп күтүп жатат жана ал энеге карата чара көрүлүшүн талап кылат.