Вторник, 26 ноября

Бекназаровго конституциялык реформадан баш тартып элчиликти тандайбы?

0

Эртең, 17-декабрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер,коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Малайзиядагы жана Бириккен Араб Эмиратындагы элчилигине талапкер каралат. Талапкерлердин бири – Азимбек Бекназаров. Мындай кабарды парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Белгилүү болгондой Бекназаровдун талапкерлигин КР ТИМ сунуштаган. Саясатчы Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине сунушталат. Ал эми БАЭге кимдин талапкерлиги көрсөтүлүп жатканы азырынча ачыктала элек.

Азимбек Бекназаров бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган, тергөөчү, сот жана парламенттин депутаты болгон. Карьерасынын чокусу Кыргызстандын башкы прокурорлугуна чейин жеткен. Бирок башкы прокурорлук ишмердүүлүгү жарым жылдай гана убакытка созулган. Ал кызматтан кетишин бийлик структурасындагы чуулгандуу коррупциялык иштерди иликтөөгө алгандыгы менен байланыштырган. 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматтарга аралашпай, оппозициялык маанайдагы саясатчылардын катарын толуктаган.

Ал жакында курултай өткөрүп конституциялык реформаны жүргүзүнүү талап кылаарын жарыялаган болчу. Бирок ал убакта белгисиз, азыр эми белгилүү себептерден улам курултайды өткөрүүнү кийинкиге жылдырганын айткан.

Буга дейре Бекназаров журналисттерге маек бергенде президент ага көп кызматтарды, мисалы Кыргызстандын Түркиядагы, Америкадагы элчилигине барууну сунуштаганын бирок андан баш тартканын билдирип келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз