Вторник, 26 ноября

Вакансияга бай, адиске жарды Германия эмгек мигранттарына муктаж

0

Германияда квалификациялуу адистер жетишпей жатат. Мындан улам өлкө адистерди ЕБке карабаган өлкөлөрдөн да чакыруунун жолун оңойлоштурууга арналган мыйзам иштеп чыкты. Учурда мыйзамды иш жүзүндө кантип колдонуу керектиги Берлинде талкууланууда.

Make it in Germany- Германияга чет өлкөлүк адистерди чакырат. Анын атайын порталынан кандай адистерге өлкө таңкыс экенин, кандай вакансиялар бардыгын, ал иштерде тилди билүү канчалык деңгээлде талап кылынаарын карап алууга болот. Немец экономикасына кадр жетишпейт, бул маселени эмгек мигранттарысыз чечүү мүмкүн эмес. Бул Евробиримдиктеги жана анда жок мамлекеттерден келчү адистерге да тийиштүү.

2020-жылдын март айында чет өлкөлүк адистердин ишке орношуусун жөнөкөйлөштүрө турган жаңы миграциялык мыйзам ишке кирет. Бирок ал практикада кеңири колдонулушу үчүн механизмин да иштеп чыгуу керек. Маселени чечүү үчүн Ангела Меркель саясатчыларды, тармактык мекемелердин, экономика жаатынын өкүлдөрүн бүгүн, 16-декабрда атайын саммитке чогултту.

Базар эмгегин иликтөө Институтунун маалыматына караганда 2019-жылдын 3-кварталында Германияда 1,36 миллион вакансия болгон. Аларды эмгек биржасында каттоодо турган немец жумушсуздардын эсебинен толтуруу мүмкүн эмес. Теория жактан алганда 100 бош орунга 230 жумушсуз туура келет. Бирок дээрлик ар бир экинчи жумушсузга адистик даярдыкты талап кылбаган вакансия ылайык болот. Андан сырткары жумушсуз анын адистиги боюнча кадр жетишпеген компания жайгашкан аймакка барууга макул болушу керек. А буга бардык эле немец жумушсуздары көнө бербейт. Германияда математика, информатика, табигый илим жана техника жаатындагы, курулуш тармагындагы, медицина жана оорулууларга, карыларга камкордук көрүү, мейманкана жана ресторандык ишкерчилик боюнча жумушчулар жетишпейт. Андан сырткары программисттерге, ПО иштеп чыгуучуларга, физиотерапевттерге, сантехниктерге, жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына да немец жергеси суусап турат.

Кадрдык жетишсиздиктин жарымын квалификацияны жогорулатуу менен жоюуга болот. Мисалы жумушсуздарды оорулууларга кам көрүү боюнча окутуп, көптөгөн клиникалардын бул жааттагы муктаждыгын чечүү мүмкүн. Бирок Германиядагы демография (өлкөдө жаштарга караганда карыган катмар көп, адистердин басымдуу бөлүгү пенсия курагында) мындай кылууга жол бербейт. Ангела Меркель ошондуктан чет өлкөнүн квалификациясыз адистерисиз Германия алдыга жыла албастыгын белгиледи.

Өткөн жылы Германияга иштөөгө ЕБге кирбеген өлкөлөрдөн 60 миң адам барган. Жогорку билимдүү адистерге немец эмгек рыногунан жумуш табуу оңой – алар үчүн чектөө жок. Башкысы – диплом берген ЖОЖ Германия тарабынан таанылышы керек, квалификация немец тармактык мекемеси тарабынан тастыкталса баары ойдогудай болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз