2019-жылы Кыргызстанда 16 миңден ашуун адам ипотекалык негизде үй менен камсыз болду. Бул тууралуу “Мамлекеттик ипотекалык компаниясы” ААКтын жетекчиси Элмира Абжапарова маалымат жыйынында айтты.
Ал белгилегендей аталган компания өлкө боюнча 4500дөн ашык ипотекалык насыя берди, жалпы суммасы 5,2 миллиард сомго чамалаш болду.
Маалымат боюнча ипотекалык насыялардын натыйжасында даяр сатылып алынган турак-жайлар 266069, 56 миң чарчы метрди түзсө, ал эми 20825 чарчы метр турак жай курулууда. Жалпысынан 16,5 миң адам үй менен камсыз болду.
Айтымында ипотекалык насыя алуунун шарттары дагы да жеңилдетилиши мүмкүн.