Понедельник, 25 ноября

Бекназаров Малайзияга кеткени калды

0

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине талапкердигин жактырды.

Эске салсак Азимбек Бекназаров президент бир нече кызматтарды, анын ичинде Түркия жана Америкага элчи болууну сунуштаганын бирок баш тартканын билдирип келген. Ошондой эле саясатчы жакында конституциялык реформаны талап кылган курултай өткөрүүгө камынып жаткан. Бирок арада кайсы бир себептерге байланыштуу курултайды өткөрүү кийинкиге жылдырылганы белгилүү болгон.

Эми Бекназаровдун талапкерлиги пленардык жыйында каралат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз