Россиянын базарларында сатылып жаткан жаткан смартфондорго, компьютерлерге жана акылдуу телевизорлорго кошумча россиялык программаларды орнотууга милдеттендирген орус мыйзамы ЕАЭБдин үч өлкөсүнүн нааразычылыгын жаратты.
“Ведомости” басылмасындагы маалыматка караганда Казакстандын, Беларустун жана Кыргызстандын өкүлдөрү Россиядагы жаңы мыйзам биримдиктин ички базарынын ишине тоскоолдук кылышы мүмкүн деп эсептешет. Евразиялык экономикалык комиссиянын басма сөз кызматы биримдикке мүчө өлкөлөрдүн бул пикири боюнча анализ жүргүзүлүп жатканын ырастады.
Россияда кошумча программалык камсыздоолорду орнотуу тууралуу мыйзамды Мамлекеттик Дума быйыл ноябрда кабыл алып, президент Владимир Путин декабрда кол койгон. Ага ылайык, 2020-жылдын 1-июлунан тарта смартфондорго, компьютерлерге жана акылдуу телевизорлорго милдеттүү түрдө кошумча орусиялык программалар орнотулушу керек. Алардын тизмесин өкмөт аныктайт.
The Bell басылмасынын белгилешинче, бейрасмий түрдө бул мыйзам «Apple’ге каршы мыйзам» деп аталып келет. Аты-жөнүн билдиргиси келбеген орус аткаминеринин айтымында, бул чектөөлөр дал ушул америкалык корпорацияга жана анын продукцияларына багытталган.