Вторник, 17 ноября

Ат-Башыда аркарды аткандар кармалды

0

Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө уруксат документтери жок кулжанын союлган башын жана мүйүзүн алып бара жаткан эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда Беш бала участогунда Ат-Башы районунун эки тургуну кулжанын башын жана мүйүзүн атка байлап алып бара жатканы аныкталган.

Окуя боюнча тиешелүү акт түзүлүп, материалдар териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз