Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев анын сотто өзүн кандай алып жүргөнүн айтып берди.
Бүгүн Биринчи май райондук соту Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук териштирүүнү кийинкиге жылдырды.
Адвокаттын айтымында Атамбаев сот процессине катышуудан баштагыдай эле баш тартууда. Мындан жана башка себептерден улам жактоочулар соттон процессти башка күнгө жылдырууну суранышкан.
“Соттук угуу Биринчи май райондук сотундагы 15 чарчы метрлик аянттагы иш бөлмөдө өттү. 18 адамдар турган процесстин катышуучулары прокурор жана сот менен маңдай тирештирип отурушту. Санитардык, медициналык, укуктук нормалар сакталган жок. Биз процессти Алмазбек Атамбаевсиз өткөрүүнү өтүнүч келтирдик, бирок канааттандырышкан жок. Жыйынтыгында Атамбаев турду да сот залынан чыгып кетти. Мындан кийин сот тыныгуу жарыялады”, — деди Слесарев.
Айтымында мурдагы президент эч бир суроого жооп берген жок жана процесстин катышуучуларына эч кандай реакция кылбады.
Эске салсак Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш ушул жылдын январь айында жанданган. Октябрдан тартып сот процесси болууда. Бул иштин айыпталуучуларынын башында Атамбаев турат.