Кара-Кулжа районуна эки күндөн бери тынбай жааган кар бир метрден ашып бул жолдордун жабылуусуна алып келди. Учурда аталган аймакта жүргөн журналист Асанбек Карагозуев иш сапарга барган тартуучу топ менен кар күрткүдөн өтө албай жолдо калып кеткенин кабарлады.
“22-декабрда Алайкууга келген элек, 23-декабрда кайра кайтууга жолго чыкканыбызда кар оор түшүп жолдо калдык. Көчкү Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 50 чакырымындагы Тамчы аймагына түштү. Кыймыл жок, автоунаалар өтө албай калды”, — деди журналист.
Айтымында алар Кара-Кулжага медициналык мекемелердин көйгөйүн чагылдыруу үчүн барышкан жана ооруканалардын акыбалы менен таанышып жүргөн учурда үч оорулууну райборбордогу ооруканага алып кетишкенине күбө болушкан. Бирок алар да түндө жол жабыктыгынан жолдо калышып, бүгүн гана Кара-Кулжанын райондук ооруканасына жеткирилген.
“Ошондо оорулуу адамдар үч жарым саат кем бир сутка жол жүруштү. Болжол менен 100 км жакын жолду бир суткага чамалаш убакыт басып өтүштү”, — деди журналист.
Ал белгилегендей Кара-Кулжанын акиминин орун басары Бурканбек Айсаев учурда жолду ачуу иштери жүргүзүлүп, техникалар иштеп жатат. Орун басардын маалыматына караганда Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Күйөө-Таш айылына чейинки жол бүгүн түнү менен ачылат. Дагы бир техника башка жолду ачуу үстүндө. Анткени Оштон Алайкууга жолго чыгып алгандар да орто жерде калып кетишкен. Аларга чейинки жолду да ачып, автоунааларды жана жүргүнчүлөрдү аман-эсен алып келүү жергиликтүү бийликтин аракетинен көз каранды.
Журналисттин айтымында эл тынч, азык-түлүктөрү камдалуу, мал жандыктарынын чөп-чары жетиштүү, күнүмдүк жашоо өз нугу менен. Белгилей кетсек Кара-Кулжа президент Сооронбай Жээнбековдун кичи мекени.