Понедельник, 20 мая

Түркиянын полициясы Жамал Хашоггинин денеси меште өрттөлгөн болушу мүмкүндүгүн билдирди

0

Түркиянын полициясы Жамал Хашоггинин денеси меште өрттөлгөн болушу мүмкүндүгүн билдирди
Стамбул шаарынын коопсуздук башкармалыгы жана полициясы саудиялык журналист Жамал Хашоггинин жансыз денеси Сауд Аравиянын Стамбулдагы башкы консулунун резинденциясындагы меште өрттөлгөн болушу мүмкүн экенин жаңы баяндамасында маалымдады.
Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Стамбул полициясынын жаңы баяндамасында сауд консулунун резиденциясынын аймагында отун же газ менен иштеген эки меш бар экени жана журналисттин денеси жиликтенген соң ошол мештерде өрттөлгөн болушу ыктымал экени айтылды. Полициянын айтымында, Хашогги өлтүрүлгөндөн кийин аны өлтүргөн топ Стамбулдагы белгилүү бир ресторандан 32 кишиги тамак-аш буйрук берген.
Эр-Рияддын саясатын сынга алган Жамал Хашогги 2018-жылдын 2-октябрында Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугуна кирген бойдон дайынсыз жоголгон. Эр-Рияд алгач журналист консулдуктун имаратынан чыгып кеткенин билдирген. Бирок кайрадан 20-октябрда Хашогги консулдуктун имаратында жаңжалдан улам каза болгонун ырастаган. Эл аралык коомчулук бул кылмышты катуу айыптап, Эр-Риядды ачык-айкын иликтөө жүргүзүүгө чакырган. Хашоггинин сөөгү дагы деле табыла элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз